Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:11

Казак пансионаттары маселесине чекит коюлду


Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынан “Азаттыкка” маалымдашкандай кыргыз-казак өкмөт башчылары пансионаттар тууралуу маселени жабык эшик артында сүйлөштү. Андан кийинки маалымат жыйынында да премьер-министрлер журналисттерге ачык маалымат беришкен жок. Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов Казакстандын Ысык-Көлдөгү пансионаттары тууралуу келишимге кол коюлганын билдирди. Ал эми кыргыз тараптан барган делегациянын өкүлү, КР мамлекеттик мүлк министри Турсун Турдумамбетовдун билдиргени боюнча Ысык-Көл облусунан жер ижаралоо тууралуу эки тараптуу келишимге кол коюлду. Т. Турдумамбетов: “2006-жылы Казакстандын Ысык-Көлдөгү төрт пансионаты боюнча келишимге кол коюлган, ал 2007-жылы парламенттин колдоосуна ээ болгондон кийин бүгүн биз буга чекит койдук” деп белгилегенин кабарлайт өкмөттүн басма сөз кызматы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG