Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

Кыргызстан пикир алышуу аянтчасы болууга даяр


Кыргызстан ЕККУ өлкөлөрүнө Ооган маселесин чечүү үчүн талиптер менен бийликти тегерек үстөлгө чакырууну сунуштады. КР тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев бул тууралуу кечээ ЕККУнун Афинадагы жыйынында билдирди. ТИМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча министр “Бишкек демилгеси” Ооганстандагы каршылашып жаткан тараптарды элдештирүүчү жана муну менен Борбор Азия аймагында коопсуздукту жана тынчтыкты бекемдөөчү туруктуу аянтча болууга толук мүмкүнчүлүгү бардыгын белгиледи.

Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн Кыргызстан ар кандай тегерек үстөлдөрдү, жыйындарды өткөрүүчү аймак болууга даяр экендигин жаз айларында мамлекет башчы К. Бакиев да билдирген эле.(ZKo)

XS
SM
MD
LG