Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:00

Ош шаарында окуучулардын 20 пайызга жакыны тумоолоп жатат


Ош шаарынын вице-мэри Гүлмира Эркулованын «Азаттыкка» билдиришинче, шаардагы 57 мектепте 52 миңге чукул бала окуйт. Алардын жыйырма пайызга жакыны сасык тумоого чалдыккандыктан мектептер 2-декабрга чейин жабылган эле. Жергиликтүү бийлик аба ырайынын кескин өзгөргөндүгүн жана айрым мектептердеги жылытуу системаларынын ремонтко муктаждыгын эске алып, аргасыз каникулду ушул айдын жетисине дейре узартты. Бул аралыкта ата-энелер кышка карата даярдыкты убагында көзөмөлдөбөгөндүгү үчүн шаардык бийликти сынга алып, мектептер туруктуу жылытылбаса, балдарын 7-декабрдан кийин деле сабакка жөнөтпөй тургандыгын эскертүүдө. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG