Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:27

Монголияда алгачкы лыжа базасы ачылды


Кышында таза абада болуп, ден соолугун чыңдоо үчүн эми монголдор баш калаа Улан-Батордун сыртындагы ыйык Богд Хан Уул тоосундагы базага бара алышат. Тоонун бети такай кар менен капталып турушу үчүн, Италияда жасалган жасалма кар жаадыруучу замбирек колдонулат. Базада төрт лыжа жолу, эки лифт, ал тургай мелдеш өткөрүүчү дөңсөө да бар. Лифттен пайдаланып, лыжаны ижарага алгандар күнүгө 24 доллардан төлөйт, бул өлкөдөгү орточо айлыктын төрттөн бирине барабар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG