Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:58

Пакистан Ооганстанда америкалык аскерлерди көбөйтүү планын сынга алды


Пакистандын өкмөт өкүлдөрү Ооганстанда чет элдик аскерлер көбөйсө, талиб согушкерлери Пакистанды көздөй жабыла качышы мүмкүн деп тынчсызданышууда. Кабулда президент Карзайдын кеңсесинен «АКШнын стратегиясында каралган максаттарды ишке ашырууда ооган өкмөтү колдон келишинче кызматташаарын» бышыктады.

Анын аралыгында, НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен НАТО мүчөлөрү шериктери менен чогуу Ооганстанга аз дегенде дагы кошумча 5 миң аскер жөнөтүүгө даяр экендигин бышыктады:

- Биздин союздаштар менен шериктер азыркыдан алда-канча олуттуу жардам берет. 2010-жылы бул миссиянын АКШдан башка мүчөлөрү кеминде 5 миң, а балким андан да көп аскер кошот.

Учурда Ооганстанда 70 миңдей америкалык, дагы башка 40 чакты өлкөдөн 2 миң аскерлер турат. АКШнын президенти Обама кечээ дагы кошумча 30 миң аскер жиберүү чечимин жарыялады. Маалымат каражаттарына электрондук почта менен жөнөткөн катында талиптер Обаманын бул чечими алардын чечкиндүүлүгүн гана курчутаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG