Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:41

Тажикстанда жаңы ГЭСтин акциясын ар бир үй - бүлө сатып алуусу керек


Ар бир үй –бүлөнү Рогун ГЭСинин акцияларын мамлекеттен 690 доллар өлчөмүндөгү акчага сатып алууга милдеттендирген буйрукка президент Эмомали Рамон кол койгон. Мындай ыкма менен тажик бийликтери курулушу 1970-жылдары эле башталып, кийин токтоп калган ГЭСти бүткөрүүгө аракеттенүүдө. Расмий Душанбенин пикиринде, аталган ГЭСтин ишке кириши менен өлкө электр кубатына болгон таңкыстыктан кутулат. Президенттин буйругуна ылайык, анын басма сөз катчысы билдиргендей, жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр акция сатып алуу милдетинен бошотулат. Бирок жакыр деп кимдер аныкталары белгисиз. Тажикстанда азыр орточо айлыктын расмий өлчөмү 50 доллардын тегерегинде.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG