Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:44

ЕККУдагы төрагалык Казакстанга жардам берет


ЕККУдагы төрагалык Казакстанга туура багытта кетип, адам укуктарынын абалын жакшыртууга жардам берет деген пикирин Афинадагы жыйынында уюмдун жогорку даражалуу өкүлү билдирди. ЕККУнун Адам укуктары жана демократиялык институттар боюнча бюросунун башчысы Янез Ленарчич өз сөзүндө белгилегендей, Казакстан алдында адам укуктары жаатындагы көйгөйлөргө кылдат көңүл буруусу керек. Казакстан ЕККУда келерки жылы төрагалык кылат. Адам укугун коргоочу эл аралык уюмдар ага мындай укуктун ыйгарылышын сынга алып келишүүдө. Алардын пикиринде, өлкөдө акыркы жылдары сөз эркиндиги, чогулуу, жыйын куруу жана дин тутуу эркиндиги боюнча кырдаал начарлоо үстүндө гана болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG