Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:15

“Алай” коому: И. Исаковго коюлган айып негизсиз


“Алай” коому мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковду жактап президентке кайрылуу жолдошту. Анда президент Курманбек Бакиевдин мурунку үзөнгүлөшү И.Исаковго тагылган айыптар негизсиз экени, кылмыш иши одоно түрдө, инсандык укугун тебелеп басмырлоо максатында козголгону баса белгиленген. Алайлыктар Аскердик прокуратура бул иш боюнча бир беткей тергөө жүргүздү деп президенттен адилеттикти жана мыйзамдуулукту талап кылууну суранып жатышат. 30-ноябрда И. Исаковго байланыштуу сот болуп анда мамлекеттик айыптоочу мурунку коргоо министринин аскердик чинин алып, үй-мүлкүн конфискациялап өзүн сегиз жылга эркинен ажыратууну суранган. И. Исаков өзүнө коюлган кызматынан пайдаланды деген айыпты саясий буйрутма катары баалап келет. (EBM)

XS
SM
MD
LG