Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

Камбар-Ата: Жардыруу иштери 22-декабрда болот


Камбар-Ата-2 ГЭСине суу бөгөө үчүн жардыруу иштерин жүргүзүү 22-декабрда ыңгайлуу болорун 1-вице-премьер-министр Акылбек Жапаров бүгүн билдирди. Анын журналисттерге маалымдаганы боюнча, бул күнкү аба-ырайы жардыруу жүргүзүүгө жакшы шарт түзүп бергени турат. 1-вице-премьер-министрдин айтымында, бул күнү ГЭСке жакын жайгашкан Кара-Жыгач айлынын тургундары, мал-жандар бир күнгө башка жакка жылдырылат. Жашоочулар үчүн атайын чатырлар тигилип, ысык тамак жана концерт уюштурулмакчы.

Адистердин белгилөөсү боюнча, Камбар-Ата-2 ГЭСине суу бөгөө үчүн тоону жардыруу учурунда жарылуунун аймагы 2,5 чакырым, ал эми жардыруудан пайда болгон уулуу булут 4,5-5 чакырымга тарашы мүмкүн.

Камбар-Ата-2 ГЭСине суу бөгөө үчүн жардыруу иши буга чейин 20-декабрга белгиленип, ага президент К. Бакиев катышары айтылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG