Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:50

ИИМ мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жардам берди


ИИМ басма сөз кызматынын маалыматы боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнүнө карата милиция бир катар балдар үйлөрүнө, мектеп-интернаттарга жардам беришти. Маалыматта айтылгандай бүгүн ИИМдин алдындагы паспорттук-визалык көзөмөлдөө башкармалыгы Краснореченскидеги майып жана жетим балдар окуган мектеп-интернатка жууп-тазалоочу каражаттар, кеңсе буюмдары, конфет-печеньелерди берди. Мындан тышкары ИИМ тарабынан бул мектеп-интернатта толук ремонт иштери жүргүзүлүп, жаңы эмеректер берилген.
Ошондой эле милиция кызматкерлери Токмоктогу “Боорукердик” балдар үйүнө, Бишкек, Ош, Жалал-Абат шаарларындагы, Кадамжайдагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын мектеп-интернаттарына материалдык жардам берилген. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кайрымдуулук көрсөтүүгө ИИМдин бардык облустардагы, райондордогу башкармалыктары жана бөлүмдөрү да тартылган, деп маалымдайт ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG