Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:35

Петровкада күбөлөр айыпталуучуларды жактап көрсөтмө беришти


Петровка чатагына байланыштуу бүгүн болгон соттук териштирүүдө мамлекеттик айыптоочулар алып келген күбө Валерий Дунаев баш-аламандык учурунда “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаевди көрбөгөндүгүн билдирди. Ал ошондой эле көрсөтмө жазган учурда мас абалда болгондугун, милиционерлер ага даяр көрсөтмө жазылган кагазга кол койгону үчүн аракка жана жол киресине акча беришкендигин да ачыктады. В. Дунаев бүгүнкү соттук жараянда да Э. Бөлөкбаевди мурда көргөндүгүн тактай алган жок.

Петровка чатагы боюнча сот иши 8-декабрда улана турган болду. Анда да мамлекеттик айыптоочулар тарабынан чакырылган бир нече күбө көрсөтмө берери күтүлүүдө.

Петровка чатагы 26-апрелде болгон. Чатактын чыгышына күрт улутундагы жигит 4 жашар кызды зордуктап, жазаланбай ээн-эркин жүргөнү себеп берген. Буга кыжырданган эле айылдагы күрт аттуулардын баарын көчүп кетүүсүн талап кылышып, натыйжада бир канча үй талкаланган. Бул окуяга байланыштуу милиция “Жашылдар” партиясынын төрагасы Э. Бөлөкбаевди, “Болуш” биримдигинин башчысы С. Аргынбаевди жана укук коргоочу Уран Рыскуловду “баш-аламандык уюштурган” деген айып менен 27-апрелде камакка алган. Камалгандар муну бийлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан “саясий куугунтук” деп эсептешет.

Петровка чатагына байланыштуу Москва районунун акими, райондук ИИБнүн жетекчиси, райондук прокурор кызматынан алынышкан. Ал эми 4 жашар кызды зордуктады деп айыпталган Абдулла Осмонов сот тарабынан 20 жылга эркинен ажыратылган.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG