Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:41

"Кедейликтин дартынан кейип жаным өксүдү"


Дүйнөлүк банк: Борбор Азияда 10 миллиондон ашуун адам кедейликтин оор жүгүн тартууга мажбур.
Дүйнөлүк банк: Борбор Азияда 10 миллиондон ашуун адам кедейликтин оор жүгүн тартууга мажбур.

Экономикалык каржы кризисинин кесепети өзгөчө өнүгүп келаткан өлкөлөргө катуу тиет. Дүйнөлүк банктын Чыгыш Европа жана Борбор Азия республикалары боюнча жылдык талдоо жыйынтыгы ушундай бүтүм чыгарды. Борбор Азияда 10 миллион ашуун адам кедейликтин оор жүгүн тартышка мажбур болсо, экономикалык оорчулук алардын катарын дагы 25 миллион адамга арбытышы мүмкүн.


Дүйнөлүк банктын күнү кечээ өткөн жыйынында Европанын чыгышы менен Борбор Азия өлкөлөрүндөгү абал талкууга алынды. Өзгөчө кабартырлыкты жараткан маселе Молдова, Кыргызстан, Тажикстан өлкөлөрүндөгү экономикалык-социалдык жагдай, жакыр кожолуктардын арбындыгы, аларга социалдык колдоонун зарылдыгы болду. Байманалуу Батыштын социалдык-экономикалык жагдайына жагымсыз маанай тартуулаган Молдовада аздыр-көптүр коммунисттик бийликтин жаалы кайтып, өлкө демократиялык жаңылануу жолуна умтулууда.

Борбор Азиядагы абал Дүйнөлүк банк жыйынында өзгөчө кабатырланууну жаратты. Ириде ал суу-энергетикалык проблемадан тутанган маселе, Кыргызстан менен Тажикстанды эки жылдан бери бучкактап келаткан жарыктын тартыштыгы, кычыраган кышта элдин көпчүлүгүнүн электр энергиясына жетпей, караңгылыкта отурушу. Суу менен энергетика проблемасы Өзбекстан бирдиктүү энергетикалык системадан чыгышын жарыя кылгандан бери кыйла оорлошуп, ансыз да өлчөөсү өктөм болуп жаткан маселенин оңунан чечилиши кыйынга туруп калды.

Энергетикалык каатчылыкты бучкактап Борбор Азияга экономикалык кризис келгенине деле экинчи жыл кетип баратат. Кыргызстандын 1-вице-премьер-министри Акылбек Жапаровдун ырасташынча, Улуттар уюмуна мүчө өлкөлөр кысталыш мезгилде бири экинчисине колдоо көрсөтүшү экономикалык гана эмес, саясий да зарылдыкка айланууда.

- Мындан ары дагы жер жүзүндө жашоо каякка жылып жатат? Ошону сүйлөшүп талкуулай турган болуп жатабыз. Анын жол-жоболорун чечмелеп жатабыз. Анткени кенедей сасык тумоо чыкса деле Кыргызстанга келип жатат. Же болбосо каржылык кризис.

Антип бири экинчисине чырмалышып, бекем экономикалык карым-катышка байланып калган дүйнө өлкөлөрү, А. Жапаровдун айтуусунда, байлары кедейлерине жардамдашып, жагдайдан чыгуунун жолдорун биргелешип ойлонушканы абзел.

Ушул эле пикирди Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун чөлкөмдүк кызматташуу боюнча аткаруучу катчысы Ян Кубиш да ырастады. Анын айтуусунда, кризис сабактарын алган өлкөлөр ириде терең экономикалык структуралык жаңыланууларды жасашы абзел.

- Бул мамлекеттер башкаларга караганда атаандаштыкка мыкты экенин көрсөтүшү керек. Атаандаштыкка жарамдуулук жалаң чөлкөм эмес, жаамы дүйнө алдында ырасталышы абзел. Ансыз бул өлкөлөр жалаң чөлкөм эмес, башкалардын алдында да кризистен улам пайда болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана албай калышы толук ыктымал. Бул жагдай өлкөлөрдү реформаларга түртүшү керек.

Антип жаңылануу зарылдыгы байма-бай айтылганы менен, Кыргызстандагы реформа башкаруу системасы айрым бир түзүмдөрдүн пайда болушу, министрликтердин көбөйүшү, комитеттер жоюлуп, агенттиктердин арбышы менен гана көпчүлүктүн эсинде калат окшоп калды. Өнүгүү, жаңычылдык, инвестиция боюнча борбордук агенттиктин жетекчи орунбасары Азамат Дыйканбаевдин ырасташынча, кризистин келери жана кетери болот.

- Себеп дегенде убакыт шарты бар. Алгач ал Казакстан менен Орусияга келсе, бираз өтүп бизге да келет.

Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлү Рожер Робинсондун пикиринде, Орусия менен Казакстанда жүргөн эмгек мигранттарынан келчү каражаттардын өлчөмү соңку кездери азыноолок арбый баштаганы сезилүүдө. Антишке, Орусия менен Казакстандагы экономикалык жандануу, кризис жаалынын бираз кайтышы себеп болууда.

- Даректүү көмөк көрсөтүү ахывалы кыйын кожолуктарга көрсөтүлүшү керек. Анан да жакынкы жана келечекки мезгилде эмне иштер жасалышы керектигин аныктап, айыл чарбасын көтөрмөлөөнүн жолун ойлонуш зарыл.

Кыргызстандын быйылкы жылга бюджет тартыштыгы 14 миллиард ашуун сомду түзөт. Өлкө эки жылдан бери энергетикалык кризистен кутула албай келатат. Эмдиги жылдан тарта энергетика баасы дагы көтөрүлүп, ансыз да жону жука калктын оорчулугу көбөйгөнү турат.

XS
SM
MD
LG