Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Владимир Путин эл менен сүйлөшүп жатат


Орусиянын премьер-министри Владимир Путин эл менен сүйлөшүү учурунда "өткөн жумадагы жардырууну жасагандар катуу жазага тартылышат" деп билдирди. Өткөн аптада поезддеги жардыруудан 26 адам өлгөн. Путиндин айтымында, ал жардыруу “өлкөдө дале терроризм коркунучу жогору экенин көрсөттү”.

Путин бүгүн Орусиянын эли менен сегизинчи жолку телеконференциясын өткөрүп жатат. Өкмөттөн билдиришкендей, премьер-министрге бул ирет телефондон, интернеттен жана СМС аркылуу 1,5 млн.дой суроо түштү. Азырынча президент Дмитрий Медведев мындай сүйлөшүүнү өткөрө элек. Путин 2000-жылдан 2008-жылга чейин өлкөнүн президенти болуп турду. Кийин өзүнүн мураскору Дмитрий Медведевди президенттик кызматка койгон.

XS
SM
MD
LG