Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:21

Экс-коммунисттик өлкөлөрдө жардылык обон салууда


Кош бойлуу аял кайыр суроодо. Киев. 14-сентябрь 2009
Кош бойлуу аял кайыр суроодо. Киев. 14-сентябрь 2009

20 жыл илгери Кансыз Согуш бүткөндөн тарта мурдакы коммунисттик өлкөлөр эркин экономикага шашыла өтүшкөн. Мунун натыйжасында, Ортолук жана Чыгыш Европа менен Борбор Азияда мурда жок орто класс пайда болду.

Базар экономикасы бул өлкөлөрдөгү элдин орто катмарын дүйнөлүк экономиканы тербелткен рецессиянын эпкини алдында коргоосуз калтырды, деп айтылат Дүйнөлүк банктын эми жарыяланган докладында.

Жаңы доклад “Кризис турак жайга тийди-Европа жана Борбор Азиядагы кожолуктарды стресске текшерүү” (The Crisis Hits Home -- Stress-testing Households in Europe and Central Asia) деп аталат. Бул изилдөөгө караганда, мурдакы коммунисттик өлкөлөр глобалдык финансылык кризистин айынан Кансыз Согуштан кийинки жылдары
Москванын атактуу соода борбору-ГУМдагы банкоматтан акча алганы кезек күтүп турган адамдар. 23-сентябрь 2009
кедейчиликке каршы күрөштө жетишкен ийгилигинин көбүнөн кол жууду. Себеби, алар Батыштын экономикалык моделдерин ийгиликтүү өздөштүрүп жаткан, дейт Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азиядагы жардылыкты азайтуу жана экономиканы башкаруу бөлүмүнүн директору Лука Барбон(Luca Barbone):

-Рецессиянын регионго чоң зыян келтиргенинин негизги бир себеби: акыркы бир нече жылда региондун тышкы дүйнөгө дарбазаны кенен ачып, ага камыр-жумур аралашып калганында. Бул өзгөчө, финансы секторун жана кандайдыр бир деңгээлде соода тармагын тышкы капсалаңга сезимтал кылды.

Барбондун айтышынча, экс-коммунисттик өлкөлөрдө орто класс 1990-жылдардын аягында түптөлө баштады. Орто катмар кээ бир өлкөлөрдө ылдам калыптанса, экинчилеринде жай жүрдү. 2008-жылы күздө дүйнөнү силкилдеткен экономикалык кризис батыштык жуураттарындай эле экс-коммунисттик өлкөлөрдүн эми кемелине толгон орто классы үчүн күтүүсүз болду.

– Маселе орто класстын Батыштагыдай жашап калганында деп айтаар элем. Алар сыяктуу эле АКШ жана Батыш Европадагы орто класс жумушсуздуктан жабыркады; дефолттун кесепети кредиттөөгө тийди; күрөөгө коюлган мүлктү сатып ала албоо коркунучу пайда болду. Бул көрүнүш береги өлкөлөрдөгү орто класс үчүн жашоо чындыгына айланды.

Кустанай облустунун Экономика жана бюджет боюнча башкармалыгын төрайымы Мария Щеглованын үйү. Казакстан. Ноябрь 2009
Акыркы 20 жылда экс-коммунисттик өлкөлөргө ипотека базары пайда болуп, кредит кеңири жайылды. Бул албетте, финансылык тобокелчилик менен коштолду.

1998-2006-жылдары Ортолук жана Чыгыш Европа, ошондой эле Борбор Азияда 50 миллион адам жардылыктан чыкты. Бирок дүйнөлүк рецессия региондогу 160 миллион адамды кара түйшүккө салды. Алардын 40 миллиону жардылыкта жашагандар болсо, 120 миллиону кичине эле оорчулук башка түшсө, ит минип калчулар.

Финансылык кризис, арийне, өкмөттүк чыгымдарды да кыскартты. Өз кезегинде колу жука букараларга берилчү социалдык көмөк азайды. Мындай казынасы бөксө өлкөлөргө Дүйнөлүк банк жардамдашууда. Лукас Барбондун айтышынча, акыркы бир жылда эле дүйнөлүк банк экс-коммунисттик өлкөлөргө кредит берүүнү үч эсеге көбөйткөн. Бул жардам биринчи кезекте элдин жарды катмарына көмөктөшүү үчүн сарпталыш керек.

-Далилденген социалдык программаларды коргоого аракет кылып көр жана сарамажалдуу болуп, экономикада мурдакы реформаны аягына чык” деген маселе казкатар турат. Көпчүлүк өлкөлөрдө кырдаал өтө татаал экени маалым. Банк системасын кулатпай жөлөөгө көп акча керек. Менимче, улуттук өкмөттөрдүн абалы кыйын болууда,- дейт Дүйнөлүк банктын жооптуу кызматкери Барбон.

XS
SM
MD
LG