Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:52

НАТО министрлери Ооганстан боюнча стратегияны талкуулайт


Уюмга кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Талибан менен “Ал-Каидага” каршы стратегияны бүгүн Брюсселде НАТОнун Ооганстандагы аракеттерине арналган жыйында талкуулары күтүлүүдө.
Жыйын АКШ президенти Барак Обама Ооганстанга кошумча 30 миң аскер жөнөтүлөрүн жарыялаган соң өтүп жатат. НАТОнун билдиргенине караганда, уюмга мүчө башка өлкөлөр Ооганстанга кошумча 5 миң аскер берүүнү убада кылууда.

Эгер убада кылынган сандагы аскерлерди баары, күтүлгөндөй келерки жайга чейин жайгаштырылса, Ооганстандагы чет элдик контингенттин жалпы саны 140 миңге жетет. Алардын 100 миңи – АКШ аскерлери.

Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтондун айтымында, ал НАТО жыйынында президент Обаманын аскерлер эң эрте дегенде 2011-жылдан июлунан тарта чыгарыла баштоосу мүмкүн деген жарыясы ооган күчтөрүнүн коопсуздукту өткөрүп алуу жөндөмүнө жараша болору тууралуу түшүндүрмө бермекчи.

Клинтон Брюсселге келе жаткан жолдо кабарчыларга билдиргендей, АКШ НАТО боюнча өнөктөш өлкөлөр алдыдагы күндөрү кошумча жөнөтүүчү аскерлери жана Ооганстанга жарандык жана өнүгүү багытында бере турган жардамдары тууралуу жарыялат деп күтөт.

Брюсселдеги бүгүнкү талкууга ооган тышкы иштер министри Рангин Дадфар Спантанын да катышуусу белгиленген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG