Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:57

Алай районунун эли өлкө президентине кайрылуу жолдоду


Кайрылууда Алай эли мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун соттолуп жатканына бушайман болуп, тынчсызданып жатканын билдиришкен. Анда “Бир нече айдан бери соттук иш бүтпөй, акырында И.Исаковго өтө оор күнөө тагылып, түрмө жазасы коюлуп жатыптыр. Мына ушундан улам элдин тынчы кетип, генералдын мамлекет үчүн жасаган иши океандай эле, түрмө жазасына тартуу аракети барып турган наадандык деп эсептейбиз. Ар бир адамдын кетирген кемчилиги менен жасаган эмгеги таразаланат да, урматтуу президент. Калк тагдыры, анын ичинде ар бир атуулдун тагдыры Негизги мыйзамдын кепили катары Сиздин колуңузда”, - деп жазылат. Ошондой эле кайрылууда И.Исаковдун жасаган эмгектери аталып, аны курулай жалаадан куткарып берүүнү президенттен суранышкан. Кайрылууга миңге чукул адам кол коюшкан.
Копсуздук кеңештин мурунку катчысы Исмаил Исаков Коргоо министри кезинде кызмат абалынан пайдаланган деп айыпталып жатат. Ага каршы кылмыш иштери ал президенттин ички жана тышкы саясаты менен макул эместигин билдирип, өткөн жылы октябрь айында Коопсуздук кеңештин катчысы кызматынан бошотуу тууралуу арыз бергенден кийин козголгон. Исмаил Исаков өзү бул иштерди саясий куугунтук катары баалап келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG