Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:06

А. Саиповдун өлүмүнө байланышкан ишти Жогорку Сот карайт


Жогорку Сот бул ишти 9-декабрда карамакчы болуп жатканын “Азаттыкка” маркум журналисттин атасы Аваз Саипов “Азаттыкка” билдирди. Буга чейин Ош шаардык сотунда А.Саиповдун өлүмүнө байланыштуу сот жараянында аны өлтүрдү деп шектелип жаткан мурдагы милиционер, Лейлек районунун тургуну Абдуфарид Расулов журналистти өлтүрбөгөндүгүн жана ал окуя болгон күнү Ош шаарында болбогондугун айтып, күнөөсүн мойнуна алган эмес. Үстүбүздөгү жылы 6-августта ички иштер министри Молдомуса Конгантиев президент Курманбек Бакиевге маалымат берип, журналист Алишер Саиповду өлтүргөн кылмышкер табылып тергөө жараяны аяктап, иш сотко өткөрүлгөндүгүн билдирген болчу.

26 жаштагы журналист Алишер Саипов эл аралык бир катар массалык маалымат каражаттары менен иштешип келген. Өмүрүнүн акыркы алты айында ал Ошто өзбек тилиндеги “Саясат” гезитин үзгүлтүксүз чыгарып, курч макалалары менен Өзбекстан президенти Каримовдун режимин катуу сындап турган. 2007-жылдын 24-октябрда Ош шаарындагы кеңсесинин жанында Саиповду белгисиз бирөөлөр атып кеткен болчу. (AJ)

XS
SM
MD
LG