Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:42

Өзгөндө террордук уюмга мүчө дегендерге өкүм чыкты


Бүгүн Өзгөн райондук соту террордук уюмга катышы бар деп шектелген төрт эркек, бир аялга куралчан топторду уюштурган, террорчулук, бандиттик аракеттерди жасаган жана укук коргоо органынын өкүлүн өлтүргөн деп айып тагып, өкүм чыгарды. Ага ылайык, Абдышүкүр Мамадалиев 9 жылга, анын атасы Муктаржан Мамадалиев 10 жылга, Заитжан Токтор уулу 10 жылга, Талипжан Салиев 12 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми Өзбекстандын жараны Манзура Зулпуева чек арадан мыйзамсыз өткөн, террорчуларды жаап жашырган делип айып тагылып 3 жылга эркинен ажыратылды. Мамлекеттик айыптоочу төрт эркекке өмүр боюу абакка кесүүнү, М. Зулпуеваны 5 жылга кесүүнү сураган.

Быйыл 27-июнда Өзгөн районуна караштуу Кош-Коргон айылында Кыргызстандын атайын кызматы белгисиз куралчан топту кармоого аракеттенген. Тилекке каршы, экинчи тарап ок атып, граната жардырган. Операция убагында Өзбекстан ислам кыймылынын үч жоочусу жок кылынганы, бирөөсү качып кутулганы кабарланган. Окуяга тиешеси бар делинген беш кишинин үстүнөн төрт берене боюнча кылмыш иши козголгон. (AJ)

XS
SM
MD
LG