Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:42

Пакистанда чабуулдан 40тай киши өлдү


Пакистандын маалымат каражаттары Раванпилди шаарындагы мечитке болгон чабуулдан өлгөндөрдүн арасында 2 генерал жана армиянын бир нече офицери бар деп кабарлашты. Куралдуу күчтөрдүн расмий өкүлдөрү бул маалыматты азырынча тастыкташа элек. Кол салуудан 40ка жакын адам шейит кетти. Полициянын билдирүүсүнө ылайык, жанкечтилер жума намазына келгендерге ок жаадырып, бир нече граната ыргытышкан. Мечит аскерий казармалардан алыс эмес жерде жайгашкан. Исламабад өкмөтү Ооганстан менен чек ара аймагында талип согушкерлерине каршы операция баштаган октябрдан бери Пакистанда, анын ичинде Раванпилдиде теракттар күчөдү.

XS
SM
MD
LG