Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:05

Обама Копенгагендеги саммиттин жабылышына катышат


Бул кабарды Дания жылуу кабыл алганын билдирди. Буга чейин АКШнын президенти Барак Обама Копенгагенде Бириккен улуттар уюмунун саммитинин ачылышына катышаары айтылган болчу. Келерки аптада ачыла турган саммитте дүйнө лидерлери климаттагы өзгөрүүлөрдү талкуулап, натыйжада Киото протоколунун оордуна жаңы келишимди кабыл алышаары күтүлүп жатат. Ал келишим дүйнөдө абага булганыч назды чыгарып жаткан мамлекеттерди анын көлөмүн кыскартууга милдеттендирмекчи. АКШнын президенти Обама андан ары Ослого барат. Ал жакта ага Нобелдин тынчтык сыйлыгы ыйгарылмакчы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG