Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

“Ак шумкар” Исмаил Исаковду колдоп чыкты


“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев экс-коргоо министри Исмаил Исаков менен сүйлөшкөндөн кийин кечээ кечинде партиянын атынан билдирүү таратты. Анда укук коргоо органдарынан Исаковго кысым көрсөтпөө, жалган жерден айып такпоо, мыйзамдуулуктун сакталышы, соттун адилет чечим чыгаруусу талап кылынган. Темир Сариевдин айтымында, Курманбек Бакиев март окуясында үзөнгүлөш жүргөн жана азыркы бийликти бекемдөөгө зор салымын кошкон генералды эсинен чыгарбашы керек.

Бишкек гарнизондук аскер сотунда мамлекеттик айыптоочу Исмаил Исаковду 8 жылга эркинен ажыратууну суроодо. Исмаил Исаков өзү болсо мындай айыптарга макул эместигин, ал саясий буйрук экенин айтып келет. (AJ)

XS
SM
MD
LG