Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:26

Орусия Кыргызстандын мал чарба продукцияларына болгон чектөөнү алып салууну кароодо


Республиканын мамлекеттик ветеринария департаментинин билдиришинче, эки тараптын биргелешкен келишиминин негизинде Орусиянын ветеринардык кызматынын инспекторлору Кыргызстандын аймагында ноябрь айынын аягында болушуп, эпизоотикалык абалды текшерип чыгышкан. Алар мал чарбалуу Чүй, Нарын жана Ысык-Көл областтарында мал чарбаларын кыдырып, азык-түлүктү кайра иштетүү ишканаларын көрүп чыгышкан. Анда орусиялык эксперттерди кооптондурган фактылар табылган эмес. Кыргызстандын аймагынан жөнөтүлгөн мал чарба продукцияларына Орусия тарабынан чектөөлөр 2006-жылы киргизилген. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG