Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:42

Н. Бахриева: «Укук коргоочулар Кыргызстанга киргизилбей калганы тынчсыздандырат»


Укук коргоочу Нигина Бахриева
Укук коргоочу Нигина Бахриева

2-декабрда кыргыз чек арачылары тажикстандык укук коргоочу Нигина Бахриеваны Бишкекке киргизбей койду. 3-декабрда кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан «Хюман Райтс Уотч» уюму билдирүү таратып, кыргыз бийлиги чет элдик укук коргоочуларды өлкөдөн чыгарып жиберүүнү адатка айлантканына тынчсыздануусун айтты.

«Азаттыктын» тажик кызматына берген интервьюсунда Нигина Бахриева кепти окуя кандай болгону менен баштады.

- Бишкекке «Эркиндик үнү» бейөкмөт уюмунун чакыруусу менен Акыйкатчы институтунун жана Жогорку Кеңештин кызматкерлерине тренинг өткөрүүгө келаткам. Кыргызстанга келгенимде паспорт көзөмөлдөөчүлөр мага «сизге 2019-жылга чейин Кыргызстанга киргенге болбойт», дешти. Себебин түшүндүрүшкөн жок, болгону «сиз сентябрда келгениңизде органдар менен проблема болгон экен», дешти. Сентябрда мен чындыгында эле иштеп аткан юристтерге арналган адам укуктары боюнча семинарга катышкам. Бул ирет мен «Тажик аба жолдору» компаниясынын учагы менен келгеним жакшы болуптур, мени дароо эле ошол учакка кайра отургузушуп, колума депортация болгонум тууралу кагаз тапшырышты. Анда менин Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө укугум жоктугу айтылган экен. Тажикстанга келгенимде Чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн мени жылуу тосуп алганы таңгалдырды, алар менин документтеримдин көчүрмөсүн алышкандан кийин үйгө коё беришти.

- Сиздин Кыргызстандын аймагына эмне себептен киргизилбегениңиз аныкталдыбы?

- Азырынча жок, азыр менин кыргызстандык кесиптештерим анын себептерин аныктоого аракет кылып жатышат. Алар Акыйкатчыга кайрылып жатышат, Акыйкатчы болсо өз кезегинде анын себептерин билүү максатында Кыргызстандын күч органдарына кат менен кайрылмакчы. Мен негизи, 2004-жылдан бери Кыргызстанга каттап келаткам, эми бул мамлекетке кире албай калганыма мен катуу кайгырып турам. Анткени ал жакта менин бир топ досторум, кесиптештерим бар. Ушундай жагымсыз жагдай түзүлдү.

- Сиздин ишиңиз түздөн-түз Кыргызстан менен байланыштуубу?

- Андай деле эмес, мен Кыргызстанда түздө-түз иштебейм. Мен Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча механизмдерин ишке ашыруу боюнча адис болуп эсептелем, ошондуктан Кыргызстанга адис катары тренингдерди өткөрүүгө гана барам. Бул жолу барганымдын себеби Кыргызстан Улуттар уюмунун Кыйноолорго каршы конвенциясынын факултативдик протоколун ратификация жасады. Ага ылайык, эми Кыргызстанда кайсы бир орган түрмөлөрдө, убактылуу кармоочу абактарда, «психооруканаларда» жана балдар үйлөрүндө адам укуктары кандай сакталып жатканын дайыма көзөмөлдөп, мониторинг жасап турууга тийиш. Менин Кыргызстандагы бул жолку ишим – Армениядан келген дагы бир адис менен ошондой мониторингдерди кантип туура өткөрүү керектигин айтып берүү болчу.

- Сиз Кыргызстандагы саясий жагдайды кандай баалайсыз?


- Мага саясий абал, саясат тууралуу айтыш кыйын, анткени мен адам укуктары жаатында гана иштейт эмесминби. Бирок соңку учурдагы тенденцияны карап көрсөңүз – укук коргоочулардын депортация болуп жатышы – Кыргызстанга байлыныштуу тынчсызданууну жаратпай койбойт. Анткени Кыргызстан дайыма «демократиянын аралчасы» делип келген эле. Ошол себептен бул окуя мен үчүн да күтүүсүз болуп отурат. Мен саясатчы эмесмин, болгону укук коргоочу катары бул мамлекеттин мыйзамдарында каралган механизмдерге байланыштуу аракет кылам.

XS
SM
MD
LG