Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Кыргызстанда эркин маалымат каражаттары кыскарууда


Өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы жылдан жылга курчуп бараткана бир жагынан маалымат каражаттарына бийлик тарабынан кысым көрсөтүлгөнү, экинчи жагынан журналисттер өзүн-өзү цензурлоого мажбур болуп жатканы негиз экенин Германиялык Deutsche Welle маалымат кызматы жазып чыкты. Бул жылы көз карандысыз “Чек арасыз репортерлор” уюмунун соңку “Басма сөздүн эркин көрсөткүчүн” талдоо тизмесинде Кыргызстан мурдагыдан дагы 10 орунга ылдыйлап 175 өлкөнүн ичинен 125-орунга түшкөн.

Журналисттерге карата 2005-жылы он төрт, 2006-жылы он эки, 2007-жылы он тогуз, 2008-жылы беш кол салуу катталган. 2009-жылдын башынан бери журналисттерге тогуз кол салуу болуп, акыркысы 1-ноябрда Ош шаарында катталган. (GA)

XS
SM
MD
LG