Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:44

Бишкектеги гезит-журнал саткан күркөлөр талашта


7-декабрда Октябрь райондук сотунда “Басма жаңылыктары” коомдук бирикмесинин башкы директору Жоробек Осмоновдун соту болот. Жоробек Осмонов “Басма сөз” акционердик коомунун жетекчиси Аскар Нышановдун арызы боюнча зөөкүрлүк кылды деп он күнгө камалган. “Басма жаңылыктары” коомдук бирикмесинин жүз элүүдөй мүчөсү менчикке чыгарылган күркөлөрдү “Басма сөз” акционердик коому тартып алуу максатын көздөп жаткандыгын айтып кайрылуу жазышкан. Алар Жоробек Осмоновдун камактан бошотулушун талап кылып, эгер андай болбосо расмий бийликтен жүз элүүгө чукул үй бүлөнү Кыргызстандан чет өлкөгө чыгарып жиберүүнү суранышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Басма жаңылыктары” коомдук бирикмесинин Жамиля Абдразакова билдирди.

Жогоруда аталган эки ишкана алты айдан бери Бишкек шаарындагы гезит-журнал саткан жүз элүү күркөнү сот аркылуу талашып жатышат. (GA)

XS
SM
MD
LG