Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:03

Ажылыкка баргандардын экинчи бөлүгү Бишкекке келет


“Кыргызтрансавиа” компаниясы тарабынан Мекеге жеткирилип, ал жакта ажылык сапарын өтөгөндөрдүн экинчи бөлүгү - 400 киши бүгүн түштөн кийин “Манас” аба майданына түшүшөт. Ажылардын алгачкылары 3-декабрда келишкен. Кийинкиси 9-декабрда Бишкекке келип түшөт, ал эми акыркы бөлүгү Сауд Аравиясынан Жидда-Ош каттамындагы учак менен Ош аэропортуна келип түшөт. Бул тууралуу “Кыргызтрансавиа” аба компаниясынын жетекчиси Таалайбек Окенов “Азаттыкка” билдирди. Белгилүү болгондой быйыл ажылык сапар жалгыз “Кыргызтрансавиа” компаниясы тарабынан Арабстанга түз каттам менен жүргүзүлдү. Мурдагы жылдары ажылыкка баргандар Түркия аркылуу же автобус менен барышчу. 2007-жылы кыргызстандык зыяратчылар түшкөн автобус кырсыктап, андан 21 киши набыт болгон. Быйыл ажылыкка баргандардын бирөө Мекеде каза таап, сөөгү ошол жакта жерге берилди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG