Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:41

Бүгүн Турак-жай кодексине байланыштуу коомдук угуу болот


Коомдук угуу кодекстин коммуналдык кызмат көрсөтүү маселелерин кантип чечүүгө багытталат. Парламенттин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, анда үйлөрдө жашагандардын так санын аныктоо, турак-жайлардын абалын жакшыртуу, коммуналдык кызмат жана энергия акысы, карызы барлардын маселеси тууралуу кеп болот. Жыйынга ЖК депутаттары, жергиликтүү башкаруу жана мамлекеттик органдардан, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардан өкүлдөр катышат. Иш чара парламенттин агрардык саясат, экология жана аймактык өнүктүрүү комитети тарабынан уюштурулууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG