Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:08

10-декабрь адам укуктарынын күнүнө карата тегерек үстөл болот


Бишкектеги “Достук” мейманканасында өтө турган иш-чараны “Интербилим” коомдук борбору уюштурууда. Уюмдан “Азаттыкка” белгилешкендей, тегерек үстөлгө Президенттик катчылыктын өкүлдөрү, ЖК депутаттары, Жаштар саясаты боюнча департаменттен жана башка жаштар уюмдарынан өкүлдөр жана Акыйкатчы чакырылган. Жыйында “Адам укугунун тарыхы” деген тасма көрсөтүлүп, Кыргызстандагы адам укугунун абалы тууралуу талкуу болот.

Саясий куугунтуктоодон жабыркагандардын укугун коргоо комитети акыркы 3-4 жылдын ичинде Кыргызстан адам укуктарын коргоо жаатында артка кеткендигин маалымдаган. Буга мисал катары өлкөдөгү сөз эркиндигинин начарлашы, өз пикирин ачык айткан саясатчылар, журналисттер жана укук коргоочулар куугунтукталып, көпчүлүгү өмүрүнүн коопсуздугу үчүн чет мамлекеттерге баш калкалап кетүүгө аргасыз болгондугу айтылууда. Комитеттин маалыматы боюнча бул убакта саясий куугунтукка туш болгондордун саны 98ге жетти.

XS
SM
MD
LG