Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:54

АКШ президенти түрк өкмөт башчысы менен жолугат


Барак Обама менен Режеп Тайып Эрдогандын бүгүнкү сүйлөшүүлөрүндө Ооганстан, Ирак, Жакынкы Чыгышка байланышкан маселелер талкууланары күтүлүүдө. АКШ Түркияны аймактык держава жана мусулман дүйнөсүндөгү өнөктөшү катары таасирин аймактын кээ бир чиеленишкен көйгөйлөрүн чечүү үчүн колдонууну каалайт. Бирок бир катар маанилүү маселелер боюнча эки тарап кайчы көз-карашты карманат. Маселен АКШ Түркия Талибан менен “ал-Каидага” каршы күрөштө көбүрөөк роль ойноосун көздөйт. Бирок түрк премьеринин айтымында, Анкара аскерлер жагынан буга чейин эле салым кошкон. Иранга өзөктүк программасынан улам санкция киргизүүдө да АКШ менен Түркиянын туруму эки башка. Вашингтонду Түркиянын Израиль менен соңку талаш –тартышы да камтамага салууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG