Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:07

Иран полициясы демонстранттарды таратуу үчүн күч колдонду


Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдирүүдө. Алардын айтымында, полиция Тегерандын борбордук аянтына өкмөткө каршы ураан – чакырыктар менен чогулган демонстранттарды таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ жана желим таяктарды колдонду. Нааразылык акциясы 1953 –жылы өлкөнү шах башкарган доордо үч студент өлтүрүлгөн күндүн эскерилип жатканына тушташ уюштурулган эле. Оппозиция өз жактоочуларын Тегерандын өкмөт уюштурган демонстрациялар өтүүчү жайына президент Махмуд Ахмадинежаддын июндагы талаштуу президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп табылышына нааразылык билдирүү үчүн кайрадан чогулууга үндөгөн болчу. Полиция жана Революциянын сакчылар корпусу мыйзамсыз демонстрацияларга каршы катаал чаралар көрүлөрүн эскерткен. Бүгүн кандай кагылыштар болгонун көз карандысыз булактар аркылуу тактоо мүмкүн болгон жок. Анткени батыш маалымат каражаттарына бүгүнкү окуяны чагылдырууга тыю салынган.

XS
SM
MD
LG