Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:43

Индиялык фестивалда кыргыз тасмалары көрсөтүлөт


Индиянын түштүгүндөгү Мадурай шаарындагы Эл аралык 11-Документалдуу тасма фестивалында (http://www.maduraifilmfest.blogspot.com/) Кыргызстандан 10 чакты даректүү фильмдер атайын бөлүмдө көрсөтүлөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргыз киносун өнүктүрүү корунун куратору, канадалык режиссер Пол Ли маалымдады. 15-19-декабрга белгиленген кароого Наргиза Мамткулованын «Мен жашагым келет». Айбек Дайырбековдун «Жээк», Темир Бирназаровдун Баланын милдети», «Шайтан көпүрөсү», Актан Абдыкалыковдун «Ит чуркап бараткан» деген өңдөнгөн фильмдер коюулууда. Алар келерки жылы да Мадурайдын чет-жакаларындагы айылдарда жана шаарларда көчмө фестивалдарда коюлат. Буга чейин аталган тасмалар ноябрь айында латын америкалык Перу мамлекетинде кыска фильмдердин Курзо Эл аралык кароосунда, октябрда Швециядагы Упсала 28-эл аралык Кыска тасмалар кароосунда көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG