Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:26

Таласта мектеп окуучуларынын үстүнөн сот иши жүрүп жатат


Быйыл жаз айларында таяктын уусунан алган жараатынан каза тапкан таластык окуучу Нурак Саадабай уулунун өлүмүнө тиешелүү деп айыпталган алты окуучунун бүгүнкү иши 11-декабрга жылдырылды. Жабырлануучу Саадабай Токтоналиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча буга айыпталуучулардын адвокатынын иш тартиби себеп болууда. Саадабай Токтоналиев ошондой эле соттук жараян тууралуу маалымат жабырлануучуларга алдын ала кабарланбагандыгын да билдирди.
9-класстын окуучусу Нурак Саадабай уулун уруп-сабашкан, андан акча талап кылышкан деп айыпталып жаткан 11-класстын окуучуларынын экөө учурда камакта, калгандары үй камагында.

Укук коргоочулар, ата-энелер мектептеги тоноочулук –рэкетчиликтин натыйжасында каза тапкан окуучулардын саны көбөйүп бара жаткандыгын белгилеп келишет. Өткөн жылы Чүйдө 10-класстын окуучусу Адилет Жүзүмалиев акча талап кылып уруп-сабоодон каза тапканы айтылса, 2008-жылы 25-майда бүтүрүү кечесин өткөрүп жаткан 11-класстын окуучусу Жолдошбек Эгембердиевди 10-класстын окуучулары бычактап өлтүрүшкөн. Рэкетчиликке байланыштуу мектептер ортосундагы чыр-чатактар Бишкек, Ош шаарларында болгону белгилүү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG