Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:23

Кабулдун мэри паракорлук үчүн соттолду


Кабулдун мэри паракорлук үчүн айыпталып, 4 жылга түрмөгө кесилди. Ооганстандын баш прокурор орун басары Фазал Ахмад Факирияр "Азаттыкка" маалымдагандай, Мир Абдул Ахад Сахеби кызматынан бошотулуп, аны камакка алуу ордери берилди. Хамид Карзай өткөн айда президенттик экинчи мөөнөтүнө киришип жатып, коррупцияга каршы күрөшүүгө убада бергенден бери бул – жогорку чиновникке чыгарылган алгачкы өкүм. АКШ жана Ооганстандагы урушка катышкан бир катар башка өлкөлөр коррупция талиптердин козголоңуна салым кошууда деп, Карзайды паракорлукка чекит коюуга үндөшкөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG