Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Казакстанда “Б. Сыдыковго таандык” деп шектелген автоунаа табылды


Казакстандык маалымат каражаттары билдиргендей 2-декабрда Караганды шаарында мамлекеттик номурлары жок табылган кара түстөгү «Тойота - Лендкрузер-200» автомашинасы табылган. Караганды облустук ички иштер департаменти бул автоунаа Кыргызстандан уурдалган болушу ыктымалдыгын билдирип, учурда иликтөө-тергөө иштери жүрүп жатканын кабарлаган.
КР ИИМ басма сөз кызматы азырынча казак кесиптештери тарабынан “Манас” аэропортунун президентине таандык автоунаа тууралуу эч кандай маалымат бериле электигин “Азаттыкка” маалымдады.

“Манас” эл аралык аэропортунун башчысы Бакыт Сыдыковду 15-ноябрь күнү болжол менен түнкү саат 12лер чамасында кавказ улутундагы белгисиз бирөөлөр тоноп кетишкен. Алар Б .Сыдыковго бычак такап коркутуп, “Тойота -Лендкрузер-200” автомашинасын документтери менен, 1900 доллар, 350 евро акчасын, чөнтөк телефонун жана паспортун тартып алышкан. Аны Бишкек шаарынан алып чыгып, Чүйдүн Озерное айлынан чыга бериште көчөгө таштап салып, андан ары из суутуп кетишкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG