Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:29

Интербилим: Өлкөдө коррупция күч алды


“Интербилим” борборунун Оштогу өкүлчүлүгү Ош шаар бийлиги менен биргеликте коррупцияга каршы жумалык иш-чарасын баштады. Аталган борбор мындан ары жалпы коомчулукту коррупция менен бирге күрөшүүгө чакырып, пара берүүгө мажбурланган шаар тургундары үчүн атайын ишеним телефону да иштеп баштаганын жарыя кылды.

Коррупцияга каршы күрөшүү жумалыгын жарыялаган жарандык коом жана шаар бийлиги иш-чаранын алкагында коомдук угууларды, паракорлуктун абалын аныктоочу сурамжылоолорду өткөрүп башташты. Алар бул жумада фискалдык органдардагы коррупциянын денгээлин аныкташат жана алдын алышат. «Интербилим» борборунун Оштогу жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева жумалык иш-чара тууралуу мындай деди:

- Ишеним телефонун уюштурдук. Шаардыктар пара талап кылгандарды чалып айтса болот. Мындан сырткары мамлекеттик уюмдардын кызматкерлери үчүн коррупцияны алдын-алуу боюнча атайын окуулар өткөрүлөт. Биз ар дайым паракорлор менен гана күрөшүп, аны болтурбоонун алдын-алууга анчалык көнүл бурбай келгенбиз. Мамлекеттик уюмдар алдын-алуу механизмин орнотуу керек.
Ош шаар тургундары паракорлук өнөкөтү соңку кезде ачык көрүнүшкө айланып калганын, буга башкы себеп катары айлык акынын төмөндүгүн белгилешет.


Мамасалиеванын белгилешинче, бул аймакта мамлекеттик органдарда коррупциянын деңгээли жыл санап өсүүдө. Аны аталган уюмдун жүргүзгөн сурамжылоосу далилдейт. Бирок кыргыз бийлиги бул өнөкөттү жоюуга салкын мамиле жасоодо, дейт Мамасалиева:

- Биз жыл сайын коррупциянын деңгээлин билүү үчүн сурамжылоо жүргүзөбүз. Ишенесизби, 2006-жылдан бери төмөндөбөй эле кайра өстү деген жыйынтыктар бар. Өкмөткө кайрылсак, биз атайын улуттук агенттик ачтык, сыналгыдан да көрсөтүп жатабыз дешет. Бирок сурамжылоо таптакыр башкача жыйынтыкты көргөзөт. Менимче, мамлекет коррупция менен чындап күрөшүүнү кааласа, анда азайтса болмок.

"Акча бербесең, ишиң да бүтпөйт..."

Учурда «Интербилим» борбору мамлекеттик уюмдардын, анын ичинде фискалдык органдардын кайсыл тармагында коррупция оголе күчөгөн деген суроо менен шаар калкынан сурамжылоо жүргүзүүдө. Азырынча, алдын-ала маалыматтарга караганда, коррупциялашкан тармак катары милиция жана сот органдары алдыңкы сапта келатат. Эл ичинен сурамжылоо жүргүзгөн жаш лидер Темирбек Оморбеков:

- Сурамжылоо жүргүзүп жатып байкадым, элде мамлекетке, өкмөткө ишеним калбаптыр. Бардыгы эле «коррупцияны жойо албайсыңар» деп айтышат. Азыр акча бербесең ишиңди да бүтүрө албайсың, жумушка да орношуу кыйын деген ойдо көпчүлүк.

Анткен менен кыргыз бийлиги да, коррупция менен күрөшчү агенттик да коррупцияны жоюу же алдын-алуу боюнча жарандык коомдун демилгесин ар дайым колдоп келишээрин белгилешет. Алар, коррупция менен натыйжалуу, жигердүү күрөш такай жүрүп келатканын да айтышат.
Биз ар дайым паракорлор менен гана күрөшүп, аны болтурбоонун алдын-алууга анчалык көнүл бурбай келгенбиз.


«Азаттык плюс» шаар калкына «Сиз кайсыл тармакта коррупция өзгөчө күчөгөн деп ойлойсуз?» деген суроо менен кайрылды:

Каныбек Каимов: - Мен милиция менен сотту, прокуратураны айта алам. Жакында эле досум прокуратурага түшүп калып барсам, кадимкидей базар. "Баланча доллар" деп соодалашышат. Окуу жайларда да коррупция күчтүү, зачеттук китепчеси менен акчасын көтөрүп алып студенттер мугалимдердин артынан чуркап жүрүшөт.

Акимбек Сейдакматов: - Коррупция бардык тармакта өнүккөн. Бардык нерсе акча менен гана бүтөт. Сот, милиция, санап бүтпөйсүң.

Самат Дайырбек уулу: - Медицина тармагы менен жогорку окуу жайларды айтса болот. Акчаң жок болсо өлүп баратсаң да операция жасашпайт. Окуу жайларда болсо экзамен убагында, кабыл алуу учурунда коррупция гүлдөп эле жатып калат. Мисалы, медицина факультетинде бир экзамендин баасы жүз долларга чейин жетет.

Тынымсыз күрөш жүрүүдө. Бирок...

Шаар тургундары паракорлук өнөкөтү соңку кезде ачык көрүнүшкө айланып калганын, буга башкы себеп катары айлык акынын төмөндүгүн белгилешет. Бийлик өкүлдөрү болсо коррупция менен тынымсыз күрөш жүрүп келгенин бетке кармашат.

Эл аралык “Трансперенси Интернейшнл” уюму да өз баяндамасында Кыргызстанда соңку жылдары коррупциянын деңгээли бир кыйла өстү деген тыянагын чыгарган. Айтор, Кыргызстан бул жаатта Борбор Азия чөлкөмүндө алдыңкы орунду бербей келет.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG