Копенгаген шаарында Улуттар Уюмунун климат боюнча өтүп жаткан жыйынында Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун өкүлү бүгүн айткан маалыматка караганда, 2009-жыл тарыхтагы эң жылуу болгон он жылдын бири болуп эсептелет. Уюмдун башчысы Мишель Жерроунун айтымында, 1850-жылдан берки байкоолорго караганда, быйылкы жыл эң жылуу болгон жылдар арасында бешинчи орунга чыкты. Кечээ Копенгаген шаарында дүйнөнүн 192 мамлекети катышкан климат боюнча жыйын башталган.