Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:39

Ч. Айтматовго арналган эл аралык илимий конференция болду


«Чыңгыз Айтматов – ааламдык ойчул жана публицист» деген аталыштагы эл аралык илимий – практикалык конференция бүгүн И. Арабаев атындагы университетте өттү. Анда жазуучунун туулган күнүн эскерүү менен анын көп кырдуу талантынын бири болгон журналисттик өнөрүндөгү чеберчилигине басым жасалды. «Айтматов дүйнөлүк журналистиканын антологиясындагы номер биринчи адам. Анын адам, табият, рухий проблемаларды көтөргөн макалалары колдон колго өтүп, гезит колуна тийген адам абдан бактылуу болор эле. Биз агайыбыздын публицистикалык макалалары менен тарбияландык. Ошол макалаларын чогултуп китеп чыгарса жакшы болор эле»,- деп белгиледи конференцияда Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер А. Матисаков.

Иш чарага университеттин биринчи проректору Ө. Козубаев, Казакстандын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси К. И. Кобландин, Кыргызстандын Билим берүү академиясынын вице-президенти С. Байгазиев, Ч. Айтматов атындагы адабият жана тил институтунун директору, профессор А.А. Акматалиев, Айтматовдун карындашы Р. Айтматова, публицист А. Муратов, Кыргыз эл артисти Т. Казаковдор катышты, -деп билдирет окуу жайдын маалымат кызматы. (AzK)

XS
SM
MD
LG