Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:39

СДП фракциясы адам укуктарын талкууга алат


Фракциянын жыйынына Конституциялык, Жогорку соттун төрайымдары, аскердик соттун төрагасы, Ички иштер министри, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы, тышкы иштер министри, Акыйкатчы, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, саясий партиялардын жана кыймылдардын лидерлери чакырылган. Фракция жыйынында Башкы прокурор Нурлан Турсункулов адам укугу боюнча баяндама жасашы күтүлүүдө.
Бул тууралуу социал-демократтар фракциясынын лидери Роза Отунбаева “Азаттыкка” кабарлады. Фракция бүгүн мындан тышкары Улуттук банктын өткөн жылкы ишмердиги тууралуу, Бишкек-Нарын-Торугарт жолу жана башка бир катар маселелер боюнча да тиешелүү жетекчилердин баяндамасын угуп, талкууга алышмакчы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG