Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:35

Иран баш калаасында кечээ кагылышуулар болду


Шейшембиде Тегеранда демонстранттар менен бийликтин колдоочулары ортосунда экинчи күн катары менен кагылышуулар болду. ИРНА агенттиги маалымдаганына караганда, оппозициянын тарапкерлери дүйшөмбүдөгү акциянын күч менен таркатылышына нааразылык билдирүү үчүн кампустарына чогулушкан. Алар режимдин колдоочулары делинген студенттер менен кагылыша кетишкен. Агенттиктин ырастоосунда, оппозиция лидери Мирхосейин Мусавинин колдоочулары каршы тараптагыларга таш ыргытышкан. Дүйшөмбүдө студенттер күнүндө президент Махмуд Ахмадинежаддын кайра шайланышына каршы болгон демонстранттар ири акция өткөрүшкөн. Полиция аны күч колдонуу менен таркаткан. Тегеран полициясынын башчысы 204 кишинин “коомдук тартипти бузгандыгы үчүн” камакка алынганын билдирген. Кийин 86 киши кийин кое берилгени маалымдалды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG