Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:53

“Ак жол” өрт коопсуздугу боюнча маалымат укту


Көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген Россиянын Пермь шаарындагы окуяга байланыштуу “Ак жол” фракция бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигиндеги өрт коопсуздугу боюнча башкармалыктын башчысы Жаныбек Имановдун маалыматын укту. Имановдун маалымдоосуна караганда, быйыл 11 айдын ичинде 2979 өрт катталып, анда 64 киши набыт болгон. Өрт коопсуздугунун кызматкерлери маданий эс алуу борборлорун текшерүүгө алууда. Ошондой эле базарлардагы абалга да көз салынууда. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты. (AiT)

XS
SM
MD
LG