Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:42

Россия 193 млн. доллар карызды кече элек


Каржы министрликтин тышкы карыздарды башкаруу боюнча бөлүмүнун башчысы Алтынай Бектеналиеванын бүгүн “Азаттыка” маалымдоосуна караганда, Кыргызстандын Россияга болгон жеңилдетилбеген 193 млн. 561 миң доллар карызын кечүү боюнча Москва толук чечим кабыл ала элек. Анткени ал Россиянын мамлекеттик ички жол-жоболорунан өтө элек. Белгилүү болгондой Кыргызстан менен Россия 3-февралда Москвада жетишкен келишим боюнча, 193 млн доллар карыздын ордуна Бишкек Москвага “Дастан” акционердик коомунун 48% акциясын жана орус соода үйүнө Бишкектин Раззаков көчөсүнөн жер берүүгө милденттенме алган. Кыргызстан бул иштерди аткарган. Бирок Россия тараптан чечимдер толук кабыл алына элек. (AiT)

XS
SM
MD
LG