Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:35

КУУнун экономика факультети 55 жылдыгын белгиледи


Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин маалымат кызматынын билдиришинче, бул мааракеге карата бүгүн окуу жайда “Экономика – мамлекеттик саясаттын негизи” деген аталыштагы илимий конференция өттү. Анда жарым кылымдык тарыхы бар экономика факультети бул убакыт аралыгында экономика, каржы, менеджмент жана бизнес жаатында жогорку профессионалдуу адистерди даярдап келгендиги, факультеттин бүтүрүүчүлөрү өлкөдө жана чет жактарда өздөрүнүн мыкты тажрыйбаларын көрсөтүп иштеп келе жаткандыгы айтылды. Конференцияга университеттин ректору Досбол Нур уулу, парламент депуттары, өлкөнүн банк тармагынын кызматкерлери, Экономика жана каржы институнун окуу жамааты катышты.(AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG