Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:34

“Кут” партиясынын лидери Б. Жанузаковду сабап кетишти


Кыргыз саясатчыларынын бири, өлкөнүн Коопсуздук Кеңешинин мурдагы катчысы, Кут” партиясынын жетекчиси Болот Жанузаковду белгисиз бирөөлөр шаршемби күнү (9-декабрда) кечки саат 8ден өткөн соң сабап кетишти. 61 жаштагы саясатчынын буту сынып, дене-бою көгала болгон. Учурда ал Бишкектеги ооруканалардын биринде жатат.
Бул тууралуу анын жубайы Жумагүл Жанузакова “Азаттыкка” тастыктады. Анын айтымында, үйгө келген полиция өкүлдөрү окуяны тез арада териштирип иликтөөгө убада кылган. Жанузакова айым күйөөсүнө кол салуу саясий максатта жасалса керек, анткени кол салгандар анын жанындагы акчасына тийген да эмес, деп “Азаттыкка” билдирди.
Учурда Маскөөдө бозгунда жүргөн мурдагы президент Аскар Акаев шаршемби күнү кечинде интернет аркылуу саясий билдирүү таркатып, өзүнүн мурдагы ынтымакташына каршы кол салууну кескин айыптады жана азыркы Кыргыз бийлигин тез арада кылмышкерлерди таап, жазалоого чакырды.
Болот Жанузаков мырза 2005-жылы 24-марттагы “Жоогазын ыңкылабы” атка конгон окуялардын маалында А.Акаевдин бийлигине каршы нааразылык чарасына чыккандар тарабынан айоосуз токмоктолгон. Кийинчерээк ал “Кут” саясий партиясын негиздеген. (TT)

XS
SM
MD
LG