Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:26

“Мекеге карай узак жол” спектакли Достук үйүндө болот


“Учур” жаштар телетеатры тарабынан даярдалган бул спектаклди “Интербилим” коомдук борбору уюштурган. Борбордон маалымдашкандай, “Мекеге карай узак жол” спектакли 20-ноябрда УТРКнын сахнасында көрүүчүлөргө тартууланмак. Улуттук телеканалдын жетекчилиги алмашып кеткенден кийин оюн белгиленген мөөнөттө коюлбай, ал эми “Интербилим” коомдук борборунун УТРКнын жаңы жетекчилиги менен спектаклди көрүүчүлөргө тартуулоо тууралуу сүйлөшүүгө жасаган аракети оңунан чыккан эмес. Натыйжада спектакль Достук үйүнүн чоң залында 23-декабрда коюла турган болду.
“Интербилим” коомдук борборунан “Азаттыкка” маалымдашкандай спектакль адам укуктарына арналган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG