Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:08

Петровка чатагы боюнча дагы 270 күбө суралат


Айыпталуучулардын адвокаты Азимбек Бекназаровдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда иш боюнча 320 күбө катталган. Бүгүнкү күнгө чейин көрсөтмө бергендердин саны 50дөн ашты. Алардын көпчүлүгү тергөөдө берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартууда. 8-декабрдагы соттук териштирүүдө мамлекеттик айыптоочулар апкелген күбөлөр Коновалов менен Манышев милиция көрсөтмө жазылган даяр кагазга коркутуп кол койдурганын, ал эми айыпталуучуларды тааныбай тургандыгын билдиришкен.
Петровка чатагы боюнча соттук териштирүү бүгүн да уланат.

Петровка чатагы боюнча соттук териштирүү 1-сентябрда башталган. Бул иш боюнча оппозиция мүчөлөрү: “Жашылдар” партиясынын төрагасы Э. Бөлөкбаев, “Болуш” бирикмесинин президенти Сапар Аргынбаев жана укук коргоочу Уран Рыскулов Петровка чатагын уюштурган деп айыпталышууда.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG