Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:02

Бүгүн адам укуктарын коргоонун эл аралык күнү


Буга байланыштуу Акыйкатчы институту мамлекеттик тарых музейинде жыйын өткөрөт. Анда Кыргызстандагы адам укугунун абалы боюнча баяндамалар жасалып, талкуу болот. Жыйынга мамлекеттик жетекчилер, жарандык коомдун өкүлдөрү, саясий партиялардын лидерлери чакырылган. Түштөн кийин жарандык коом адам укуктарын талкуулаган тегерек үстөлгө чогулат. Талкуу “Достук” мейманканасында болот, анда “Адам укугун коргоонун тарыхы” деп аталган тасма көрсөтүлүп, өлкөдөгү адам укуктарынын бүгүнкү абалы боюнча талкуу болот.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG