Линктер

жекшемби, 26-март, 2017 Бишкек убактысы 23:06

Б. Жанузаковдун буту кызыл ашыгынан сынган


Мындан тышкары мурдунун сөөгү талкаланып, баш мээси чайкалган. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкектеги №4 оорукананын травматология бөлүмүнүн башкы дарыгери Рамис Үсөнбеков маалымдады. Анын айтуусунда сабалган саясатчынын абалы орто оорлукта.
Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, Кут партиясынын төрагасы Болот Жанузаковду кечээ кечинде белгисиз бирөөлөр үйүнүн жанынан сабап кетишкен. Саясатчынын аялы кол салгандар анын жанындагы акчасына тийбегендигин белгилеп, бул иш саясий максатта жасалган болуш керек деген божомолун “Азаттыкка” билдирген.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG