Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:14

Журналисттерди коргоо комитети Жогорку соттун чечимин сынга алды


Жогорку сот 9-декабрда А. Саиповдун өлүмүн кайра иликтөө тууралуу маркум журналисттин атасы Аваз Саиповдун өтүнүчүн четке каккан. Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитет Жогорку соттун чечими кыргыз бийлигинин бул иштин акыйкат чечилишине кызыкдар эмес деген пикирлерди күчөтөт, деп эсептейт. Аталган уюмдун жетекчисинин орун басары Роберт Мехони белгилегендей, комитет кыргыз бийлигин бул чечимин карап чыгууга жана А. Саиповдун өлтүрүлүшү боюнча тергөөнү тез арада кайра баштан жүргүзүүгө чакырууда.

“Сиесат” гезитинин баш редактору Алишер Саиповду 2007-жылы 24-октябрда белгисиз бирөөлөр атып өлтүрүшкөн. Быйыл жайында ички иштер министри М. Конгантиев А. Саиповдун өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко ашырылгандыгын президентке маалымдаган. Ош шаардык соту А. Саиповду өлтүргөн деген айып менен Абдуфарид Расуловду соттоодо. Маркум журналисттин атасы уулунун өлүмүнө айыпталып жаткан адам эмес, Өзбекстандын атайын кызматы күнөөлүү деп эсептейт.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG