Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:50

Ирак өкмөт башчысы парламенттин суроолоруна жооп берет


Премьер-министр Нури ал-Малики Багдаддагы кандуу жардыруулардан кийин ирактыктарды сабырдуулукка чакырды. Шейшембиде бир нече жардыруудан кеминде 127 киши набыт кеткен. Артында "ал-Кайида" турат делинген кол салуудан кийин өкмөттүн коопсуздук чаралары бир топ сынга кабылды. Телекайрылуусунда Малики коопсуздук стратегиясы кайра каралып чыгаарына ишендирди.

Кечээ кечинде келген маалыматтарга ылайык, премьер Багдад шаарынын коопсуздук кызмат башчысын иштен алды. Депутаттар күч органдарынын жетекчилерин бүгүнкү сессияга келип, суроолорго жооп берүүгө үндөшкөн. Парламентке Малики да барышы күтүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG