Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Саясат талдоочу А. Князевге кол салуу болду


КМШ өлкөлөрүнүн аймактык институтунунун директору Александр Князев өзү тараткан маалыматта айтылгандай, окуя 9-декабрда саат 19:30 чамаларда болгон. Ага үйүнүн жанынан күтүп турушкан белгисиз төрт киши кол салып, ур-токмокко алгандан кийин ноутбук салынган китепкабын алып кетишкен. Саясатчы бул окуяны өзүнүн саясий ишмердүүлүгүнө байланыштырууда. Анын айтуусунда ур-токмокко алгандардын бири “Бул сенин саясаттагы ишиң үчүн..” деген сөздү айткан.
Александр Князевге ушуну менен экинчи жолу кол салынды, буга чейин аны 2007-жылы ноябрь айында белгисиз бирөөлөр үйүнүн жанынан сабап кетишкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG